Кузнецова Татьяна Анатольевна
Директор — Башкармалыктын төрагасы «Газпром Кыргызстан Мектеби» КЭУ КФ
- Жалпы эмгек стажы:
- 36 жыл
- Аты-жөнү:
- Кузнецова Татьяна Анатольевна
- Туулган күнү:
- 1974-жылдын 21-февралы
- Туулган жери:
- Кыргыз Республикасы, Фрунзе шаары
- Улуту:
- орус
- Категориясы:
- жогорку педагогикалык категория
- Класстык чини:
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси
Иш тажрыйбасы
- 1990–1991-жж. – Чүй облусунун Москва районундагы Черняховский атындагы орто мектепте пионер жетекчиси;
- 1996–1997-жж. – Чүй облусунун Москва районундагы Черняховский атындагы орто мектепте тарых мугалими;
- 1997–2001-жж. – №20 мектеп-гимназияда тарых мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары;
- 2001–2002-жж. – Октябрь районунун Билим берүү борборунун башкы адиси;
- 2002–2005-жж. – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын тарбия иштери боюнча секторунун башчысы;
- 2005–2009-жж. – И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы, тарбия жана уюштуруу-массалык иштер башкармалыгынын башчысы;
- 2009–2011-жж. – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
- 2011–2019-жж. – Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын социалдык маселелер боюнча башчысынын орун басары;
- 2019–2020-жж. – Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри;
- 2020-жыл – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- 2021-жылдын февралы – «Газпром Кыргызстан Мектеби» КЭУ КФ директорунун илимий-методикалык иштер боюнча орун басары;
- 2021-жылдын марты — азыркы убакка чейин – «Газпром Кыргызстан Мектеби» КЭУ КФ директору — Башкармалыгынын төрагасы.
- 2024-жыл — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.
Билими: жогорку
- 1991–1996-жж. – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (адистиги «Тарых, коомдук сабактардын мугалими»);
- 2010–2013-жж. – «Эл аралык славян институту» жогорку кесиптик билим берүүчү автономдуу коммерциялык эмес билим берүү уюмунун Бишкек филиалы (адистиги «Клиникалык психология», квалификациясы — клиникалык психолог)
Сыйлыктары
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги;
- 2012–2016-жж. – Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталары;
- 2016-жыл – Бишкек шаарынын мэриясынын Күмүш төш белгиси;
- 2017-жыл – Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
- 2017-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы.