Кошумчабилимберүү

Тарбия иштеринин жана кошумча билим берүүнүн миссиясы

Баланы тарбиялоо ал мектепке келген биринчи күндөн башталат. Газпром Кыргызстан Мектебинде тарбия процесси билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат

Салттар – тарбиянын эң маанилүү бөлүгү. Балдар биринчи класстан тартып эле өзүнүн жүрүм-турум, баарлашуу жана чогуу убакыт өткөрүү эрежелери бар Газпром мектебинин коомчулугунун бир бөлүгү экенин сезишет. Мектепте бири-бирин урматтоо жана өз ара жардам берүү негизги баалуулук катары жарыяланган, лидерлик сапаттарды көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Тарбия процессинде кошумча билим берүү маанилүү роль ойнойт – бизде көптөгөн чыгармачылык студиялар, спорт секциялары жана кызыкчылыктар боюнча клубдар иштейт. Ал жерде балдар чыгармачылык же спорт менен гана алектенбестен, өзүн кармай билүүнү, бири-бири жана айланасындагылар менен аракеттенүүнү, позитивдүү жана конструктивдүү мамилелерди курууну үйрөнүшөт.

Мугалимдер

Мугалимдер

  • Программалоо жана робототехника боюнча машыктыруучу

    • Веб-иштеп чыгуучу
    • Программалоо тилдери: PHP, JavaScript, Python
    • Фронтенд-фреймворктор: React.js, Angular, Vue.js
    • Бэкенд-технологиялар: Node.js, Express.js, Django, Flask
    • Маалымат базалары: SQL (MySQL, PostgreSQL), NoSQL (MongoDB, Firebase)
    • Версияларды көзөмөлдөө: Git
    • API менен иштөө: RESTful, GraphQL
    • Веб-иштеп чыгуудагы коопсуздуктун негизги принциптерин билет
    • Жалпы стажы: 12 жыл
    • Педагогикалык стажы: 4 жыл
  • Сүзүү боюнча машыктыруучу

    • Казакстан Республикасынын спорт чебери
    • Кыргыз Республикасынын сүзүү боюнча улуттук категориядагы калысы
    • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, окутуучу
  • Скалолаздоо боюнча машыктыруучу

    • Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча спорт чебери
    • Өспүрүмдөр арасындагы III Азия чемпионатынын (U18, Гонконг) катышуучусу.
    • XXIV Азия чемпионаты, Таиланд.
    • BRONZE CONTINENTAL TOUR XXXII Kosanov memorial мелдешинин призёру.
    • Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү
    • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, машыктыруучу-окутуучу
    • Стажы 3 жыл (педагогикалык жана машыктыруучулук)
  • Карате боюнча машыктыруучу

    • Кыргыз Республикасынын спорт чебери
    • Кыргыз Республикасынын 5 жолку чемпиону
    • Борбордук Азиянын 3 жолку чемпиону
    • Эл аралык турнирлерде медалдарга ээ болгон.
  • Бычуу жана тигүү мугалими

    • Тигүү буюмдарынын инженер-конструктору
    • ФПИнин жана КМТУнун Ардак грамоталары
    • Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы
    • Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги
    • Педагогикалык стажы: 34 жыл
  • Моделдөө ийриминин жетекчиси

    • Жалпы стажы: 20 жыл
    • Педагогикалык стажы: 15 жыл
    • Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети
  • Музыкалык жетекчи

    • Музыкалык терапия багыты боюнча адис
    • Инклюзивдик билим берүүдө 2 жыл иштеген
    • Жалпы стажы: 10 жыл
      Педагогикалык стажы: 8 жыл
    • «Кыргыз билим берүү академиясы»
  • Волейбол боюнча машыктыруучу

    • Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча спорт чебери
    • Улуттук категориядагы калыс
    • AVC/FIVB эл аралык категориясындагы калыс
    • Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт департаментинин Ардак грамотасы
    • Жалпы стажы: 30 жыл
    • Педагогикалык стажы: 2 жыл
  • Хореография боюнча машыктыруучу

    • Wake up шоу-тобунун жана жыл сайын өтүүчү Battle SKilzzz фестивалынын негиздөөчүсү.
    • Кыргызстандагы Break dance кыймылынын негиздөөчүсү.
    • Snikers urbania Kz фестивалынын катышуучусу жана призёру.
    • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту (педагог, туризм багыты боюнча машыктыруучу)
  • Бий мугалими

    • 2-даражадагы эл аралык лауреат
    • Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы, балет артисти
    • Жалпы стажы: 6 жыл
  • Шахмат боюнча машыктыруучу

    • Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча спорт чебери
    • Аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпиону (2000),
    • Аялдардын олимпиадалык курама командасынын мурдагы мүчөсү
    • FIDE арбитри.
    • Жалпы стажы: 26 жыл
    • Педагогикалык стажы: 26 жыл
  • Стол теннис боюнча машыктыруучу

    • Кыргыз Республикасынын спорт чебери
    • Кыргыз Республикасынын стол теннис боюнча чемпионатынын жеңүүчүсү (2002)
    • Эл аралык мелдештердин бир нече жолку призёру
    • Кыргызстандын клубдар чемпионатынын жеңүүчүсү (2023)
    • Ысык-Көл эл аралык оюндарынын жуптук беттешүүдөгү жеңүүчүсү (2024)
    • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, педагог
    • Жалпы стажы: 16 жыл
  • Баскетбол боюнча машыктыруучу

    • Дене тарбия боюнча спорт чебери
    • Баскетбол боюнча биринчи категориядагы калыс
    • Аялдар командалары арасында Кыргыз Республикасынын баскетбол боюнча 2 жолку чемпиону.
    • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, адистиги — педагогика
    • Жалпы стажы: 5 жыл
  • Футбол боюнча машыктыруучу

    • Бишкек шаарынын футбол боюнча көп жолку чемпиону
    • Экономика боюнча райондук олимпиадада эки жолу биринчи орунду ээлеген
    • Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпиону (спорт чеберлигине талапкер)
    • Кыргыз Республикасынын бокс боюнча чемпиону (спорт чеберлигине талапкер)
    • Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, адистиги — инженер
    • Жалпы стажы: 7 жыл
  • Дарылоочу дене тарбия боюнча методист

    • Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча спорт чебери.
    • 4х400 м эстафеталык чуркоо боюнча Кыргыз Республикасынын рекордсмени.
    • Дене тарбиянын отличниги
    • Республикалык категориядагы калыс
    • Техникалык делегаттарды даярдоо боюнча эл аралык категориядагы лектор
    • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту, адистиги — машыктыруучу-окутуучу.
    • Жалпы стажы: 35 жыл
  • Футбол боюнча машыктыруучу

    • Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери
    • Дене тарбия жана спорттун отличниги (2010)
    • Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпиону (1999–2000)
    • Машыктыруучулук ишке АФКнын A, B, C категориясындагы лицензиясы
    • Балдардын эң мыкты машыктыруучусу (2003–2006)
    • Дене тарбия жана спорт боюнча эң мыкты инструктор (2010)
    • Республикадагы жаштар курама командасынын эң мыкты машыктыруучусу (2017)
    • Жалпы стажы: 40 жыл
    • Педагогикалык стажы: 24 жыл