+996 (312) 44-00-01

Токомбаева 23/11


НОВОСТИ

«Школа Газпром Кыргызстан» от всей души поздравляет всех кыргызстанцев с праздником! 

«Улут болсом тилим менен улутмун»

Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен: иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да:
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.
«Газпром Кыргызстан» мектеби жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Ушул майрамды утурлай 23-сентябрда «Газпром – Кыргызстан» мектебинде «Улут болсом тилим менен улутмун» аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада мектептин окуучулары кыргыз тилинде ырдап, бийлеп жана дагы ырларды көркөм окушту. 5-6-класстын окуучуларынын ортосунда кыргыздын улуттук оюндары боюнча мелдеш өткөрүлүп, алар «Аркан тармай», «Эр эңиш», «Чака чапмай», «Таяк тартмай» оюндарында күч сынашты. Мыкты жыйынтык көрсөткөн класстар мектептин грамоталары менен сыйланды. Иш-чара мыкты деңгээлде өтүп, окуучуларга жана конокторго жакшы маанай тартуулашты.
Ровно 32 года назад, 23 сентября 1989 года Верховный Совет Кыргызской ССР принял Закон «О государственном языке Кыргызской ССР» и предоставил кыргызскому языку статус государственного. С тех пор в этот день отмечается праздник государственного языка.
«Школа Газпром Кыргызстан» от всей души поздравляет всех кыргызстанцев с праздником!
В честь данного праздника в «Школе Газпром Кыргызстан» было организовано праздничное мероприятие «Улут болсом тилим менен улутмун». Ученики школы пели песни, выразительно читали стихи на кыргызском языке. А ученики 5-6 классов состязались между собой в кыргызских национальных играх «Аркан тартмай», «Чака чапмай», «Эр эңиш», «Таяк тартмай». Лучшие команды были награждены грамотами школы. Мероприятие прошло на высоком уровне, ученики и гости были очень довольны.